Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Июнь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:33

Кыргызстан

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев "Жайкы Давос-2025" дүйнөлүк экономикалык форумунун панелдик сессиясына катышып жатат. Тяньцзинь, Кытай. 24-июнь 2025-жыл.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев "Жайкы Давос-2025" дүйнөлүк экономикалык форумунун панелдик сессиясына катышып жатат. Тяньцзинь, Кытай. 24-июнь 2025-жыл.

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев “Жайкы Давос-2025” дүйнөлүк экономикалык форумунун жылдык жыйынына катышып, Кытай менен биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Учурда мындай долбоорлордун ириси – Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу курула баштаган. Кытай менен Кыргызстандын кызматташтыгы кандай өңүттө өнүгүүдө?

"Хаб болууга даярбыз"

Кытайдын Тяньцзинь шаарында өтүп жаткан “Жайкы Давос-2025” деп аталган дүйнөлүк экономикалык форумдун панелдик сессиясына катышып жатып кыргыз өкмөт башчысы Адылбек Касымалиев «Бир алкак – бир жол» демилгесинин алкагындагы Кыргызстандын ролун беш багыт менен негиздеди.

Ал транспорттук өз ара байланыш, соода-экономикалык кызматташтык, финансылык кызматташтык, санариптештирүү жана инновациялар, ошондой эле энергетика тармагындагы кызматташтыктан турат.

“Биз өзүбүздүн географиялык артыкчылыктарыбызды жана транзиттик потенциалыбызды Азия жана Европа аймактарын байланыштырган негизги логистикалык хаб болуу үчүн колдонууга даярбыз. Бул жагынан алганда, «Бир алкак – бир жол» долбоорунун алкагында жаңы транспорттук каттамдарды куруу Евразия мейкиндигинде өз ара байланышты өнүктүрүүнүн негизги фактору болуп саналат», - деди ал.

Касымалиев соода-экономикалык кызматташтыктын алкагында Кыргызстан чоң инвестициялык потенциалга ээ болуп, чет элдик инвесторлор, анын ичинде Кытай компаниялары үчүн ЕАЭБ жана Европа Биримдиги өлкөлөрүнүн рынокторуна «терезе» катары чыгууга даяр экенин билдирди.

Ошондой эле, Кыргызстандын финансы тармагы, анын ичинде капитал рыногу активдүү өнүгүп жатканын жана Бишкек «Санарип Жибек Жолун» өнүктүрүүнү активдүү колдорун белгиледи.

Ал эми энергетикалык кызматташтыктын алкагында Кыргызстанда ири долбоорлорду ишке ашыруу пландаштырылып, өлкөдө акыркы жылдары бул тармакта ири реформалар жүрүп жатканын айтты.

Экономикалык талдоочу Эрлан Камалов Бээжин “Борбор Азия-Кытай” форматындагы саммиттерди өткөрүү менен бирге, чөлкөмдөгү мамлекеттерде экономикалык долбоорлорун активдүү ишке ашырып жатканын айтты.

“Биз эми деңиз жолуна түз чыгууга мүмкүнчүлүгүбүз жок болгондуктан, түздүктөгү темир жол, автомобил жолдору аркылуу башка рынокторго чыгууга өзүбүзгө шарт түзүп алышыбыз керек. Ал үчүн сөзсүз ошондой чоң долбоорлорго өнөктөш катары катышышыбыз зарыл. Интеграциядан Кыргызстан уттурбайт. Тескерисинче, биз ошол интеграциялык алкакка сөзсүз кошулганга аракет кылышыбыз керек. Эгерде биз кошулбасак, Кытай башка мамлекеттер менен деле тил табышып, “Улуу Жибек Жолу” сыяктуу же болбосо Чыгыш менен Батышты бириктирген инфратүзүмдүк долбоорлордон куржалак калышыбыз мүмкүн. Ошондуктан, сөзсүз улуттук кызыкчылыктарды эске алуу менен ошол долбоорлор менен активдүү иштеп, интеграциялык бирикмелер менен жакшы кызматташууга барышыбыз керек”.

"Геосаясатта силер менен биргебиз"

Форумдун алкагында Адылбек Касымалиев Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин премьер-министри Ли Цянь менен жолугушуп, эки өлкөнүн кызматташтыгынын өңүттөрүн талкуулады.

Ли Цянь Кытай менен Кыргызстан бири-бирин өз ара толуктаган өндүрүшкө ээ коңшулар экенин белгилеп, Бээжин эки өлкөнүн өнүгүү стратегияларынын шайкештигин күчөтүүгө кызыкдардыгын билдирди. Ал өкмөт Кытай ишканаларынын Кыргызстанда бизнес ачып жана инвестиция салышына колдоо көрсөтөрүн белгиледи.

Адылбек Касымалиев Кыргызстан менен Кытай бекем достуктун, чын ыкластуу жакшы коңшулаштык жана жемиштүү кызматташтык курганын, эки тараптуу кызматташуу кеңири чөйрөнү камтып жатканын белгиледи. Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушун негизги биргелешкен долбоор катары атады.

“Синьхуа” агенттиги "Адылбек Касымалиев Бишкек “бир Кытай” принцибин бекем карманарын, Тайвань маселесинде Кытайдын ички иштерине кандай кийлигишүүлөр болбосун каршы чыгарын жана “Тайвандын эгемендигине” каршы экенин билдиргенин" жазды.

Кыргыз өкмөтүнүн веб-сайты менен расмий маалымат булактарында бул тууралуу сөздөр камтылган жок.

Борбор Азия ири державалардын таасири алдында

Саясат талдоочу Эдил Осмонбетов дүйнөдө болуп жаткан соңку геосаясий атаандаштыктын алкагынан алганда чөлкөмдөгү мамлекеттер ири державалардын күчтүү таасирине кабылып жатышканын айтат. Эксперт ар кандай кырдаалдарга карабай Борбор Азия өлкөлөрү өзүнүн улуттук эгемен саясатын жана эл аралык чөйрө менен көп кырдуу мамилесин сактап калышы зарыл деп эсептейт.

“Азыр Борбор Азия мамлекеттери аябай кызык геосаясий кырдаалга түшпөдүкпү. Бир жагынан Борбор Азия мамлекеттеринин геосаясий жактан мааниси аябай жогору болду. Дүйнөдө дагы ири мамлекеттер геосаясий атаандашууга чыгышты. Бир жагынан Борбор Азия болбосо, ар бир ири мамлекет же глобалдык держава өзүнүн тышкы саясаттагы концепциялык стратегиясынан жыйынтык чыгара албайт. Эмне үчүн? Биринчиден, бул Орусияга дагы, Кытайга дагы, Түркияга дагы, Европа Биримдиги, АКШга Борбор Азия менен Түштүк Кавказ аябай маанилүү. 2022-жылдын 24-февралынан баштап постсоветтик мамлекеттерде чоң геосаясий жылыштар болуп жатат. Ошондуктан, жаңы геоэкономика болгондон кийин сөзсүз атаандашуу болот. Бирок, азыр борборазиялык мамлекеттер сөзсүз көп тараптуу саясатты жүргүзүшү керек”.

17-июнь күнү Астанада “Борбор Азия-Кытай” саммити өттү.

Жыйында чөлкөмдөгү өлкөлөр Кытай менен түбөлүк ынак коңшулук, достук жана кызматташтык келишимене кол коюшту.

Кытай менен бул форматтагы саммит экинчи жолу өтүп жатат – биринчиси Сиань шаарында өткөн.

Депутаттар демилгени колдон чыгардыбы?
please wait

No media source currently available

0:00 0:52:09 0:00

Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышы кезектеги сессиясын аяктаганы турат. Эл өкүлдөрү соңку бир жылдын ичинде тарыхый чечимдерди кабыл алганын, аткаруу бийлиги менен тыгыз иштешкенин айтышат. Ошол эле учурда азыркы парламентти “демилгени колдон чыгарды, эрки сынды” деп сындагандар да жок эмес.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG