Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Июнь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:19

Днепрдеги соккунун курмандыктары 20га жетти


Днепр. 24-июнь, 2025-жыл
Днепр. 24-июнь, 2025-жыл

Украинанын Днепр шаарында Орусиянын соккусунун курмандыктары көбөйүп жатат. Чабуулда каза тапкандар 20га жетти.

Днепропетров облустук аскердик администрациясынын башчысы Сергей Лысак 26-июнда эртең менен Самар шаарында дагы эки киши каза болгонун билдирди.

Кечээ ал 24-июндагы соккулар Днепрде 19 кишинин өмүрүн алып, 300дөн ашууну жараат алганын айткан.

Днепрде чабуулдан кийин көп сандаган турак жайлар талкаланган, Одесса-Запорожье багытындагы поезд да соккуга туш болгон. Киев Москваны карапайым тургундарды, жарандык жайларды бутага алганы үчүн айыптап келет.

Орусия тарап чабуулдар тууралуу комментарий берген эмес.

Шерине

XS
SM
MD
LG