Европа кеңешинде Украинадагы согушка байланыштуу атайын трибунал түзүлөт

Украин президенти Владимир Зеленский менен Европа кеңешинин баш катчысы Ален Берсе, 25-июнь, 2025-жыл.

Европа кеңешинде Орусиянын Украинадагы согушуна тиешеси бар жетекчилерди сот жообуна тартууга жол ача турган атайын трибуналды түзүү тууралуу макулдашууга кол коюлду. Бул документке 25-июнда Страсбургда украин президенти Владимир Зеленский менен Европа кеңешинин баш катчысы Ален Берсе кол коюшту.

Бул трибунал Украинадагы согуштагы “агрессия кылмыштарын” иликтеп, президент Владимир Путинге чейинки орусиялык аткаминелердин жоопкерчилигин карай алат.

“Ар бир согуш кылмышкери адилеттик орной турганын билиши керек жана бул Орусияга да тиешелүү”, - деп билдирди Ален Берсе макулдашууга кол койгондон кийин.

“Орусиялык ар бир согуш кылмышкеринин, анын ичинде Путиндин жоопко тартылышы үчүн бекем саясий жана юридикалык эрк керек”, - деди Зеленский.

Орусиянын бийлиги бул макулдашуу тууралуу комментарий бере элек.

Бул Европа кеңешинин көзөмөлүндөгү алгачкы атайын трибунал болуп калмакчы. 46 мамлекет мүчө болгон Европа кеңеши Европа Биримдигинин бир бөлүгү эмес.

Кеңешке Түркия, Британия, Украина сыяктуу Евробиримдикке кирбеген мамлекеттер да мүчө. Москванын Украинадагы согушу башталгандан кийин Орусия Европа кеңешинен чыгарылган.

Дагы караңыз

Спикер “Жогорку Кеңеш алсыз” деген сындарды четке кактыЖурналисттик иликтөө фондун Азамат Тынай тегин жетектейтДнепрдеги соккунун курмандыктары 20га жетти Мамыркулованын сотуна эксперт келбей, отурум дагы жылды