Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:01

Орусиянын тышкы иштер министри Кыргызстанга расмий сапар менен келет


Сергей Лавров.
Сергей Лавров.

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин чакыруусу менен 28-29-июнь күндөрү Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Кыргызстанга расмий сапар менен келет. Эки өлкөнүн тышкы саясат мекемелеринин жетекчилери Кыргызстан менен Орусиянын алакасы тууралуу сүйлөшүү өткөрө турганы кабарланды.

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Мария Захарова Сергей Лавров президент Садыр Жапаровдун да кабыл алуусунда болорун билдирген.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматында, 2025-жылдын январына карата 608 миң 88 кыргызстандык жаран чет өлкөлөрдө миграцияда жүрөт. Анын ичинен 376 миң 907 адам Орусияда миграциялык каттоого алынган.

2024-жылы Москвада “Крокус Сити Холлдо” кеминде 145 кишинин өмүрүн алган куралдуу чабуулдан кийин Орусияда мигранттарга каршы маанай күчөгөн. Кылмышка шектүүлөрдүн көбү тажик тектүү жарандар экени аныкталып, кармалган. Мындан соң Орусиянын бийлиги миграциялык мыйзамдарын катаалдаткан.

Быйыл 5-февралда Орусияда жаңы укуктук режим кирген. Ага ылайык, Орусиянын аймагында жүрүүгө, жашоого мыйзамдуу негизи жок чет элдиктер өлкөнүн аймагынан чыгып кетүүгө тийиш. Ички иштер органдары (соттор менен бирге) чет өлкөлүк жарандарды айрым укук бузуулар үчүн Орусиядан депортациялоого укуктуу.

Буга чейин Кыргызстандын жарандары Орусиянын чек арасынан кире албай артка кайтарылган учурлар болгон. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG