Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын саат 17:42ге карата берген маалыматына ылайык, Ысык-Ата районундагы Такыр-Төр көлү ташыган.
Учурда Алмалуу, Тоолуу Серафимовка жана Төмөнкү Серафимовка айылдарында жарандарды эвакуациялоо иши жүрүп жатат. Куткаруучулар коркунуч туудурган аймактан жалпы 180дей адам жана мүмкүнчүлүгү чектелгендер үйүндө жашагандарды коопсуз жайга чыгарышты.
Министрликтин билдирүүсүндө, Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинен адистер дрон менен Такыр-Төр көлүндөгү абалды тактоо жана суунун агымын көрүү боюнча иштерди үзгүлтүксүз улантып келген.
Ошондой эле жеринде көзөмөл пункту уюштурулуп, жумушчу топ күчөтүлгөн режимде күнү-түнү көзөмөлдөп турушкан. Мындан тышкары атайын техника тартылганын ӨКМ кошумчалады.
Кыргызстандын аймагында эки миңдей көл болсо, анын 368и ташып кетүү коркунучунда экенин былтыр ӨКМ билдирген.
Кооптуу делген көлдөрдүн көбү Ысык-Көл жана Чүй облусунда жайгашкан.
Шерине