Кыргызстанда массалык спортко көңүлкош мамиле жасалат. Бул тууралуу “Азаттыкка” маегинде Дене тарбия жана спорт агенттигинин мурдагы башчысы Мурат Саралинов билдирди. Анын айтымында, мамлекет бул тармакта чечкиндүү реформаларды ишке ашырбаса, абалды оңдоо кыйын.