Үч айдан ашык убактан бери абакта жаткан журналист Канышай Мамыркулованын иши боюнча отурум Бишкектин Октябрь райондук сотунда 30-июнда уланат. Соттун жылышына журналисттин ишинде экспертиза жасаган адистин дагы келбей калганы себеп болду.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев “Жайкы Давос-2025” дүйнөлүк экономикалык форумунун жылдык жыйынына катышып, Кытай менен биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.
Кыргыз бийлиги интернеттеги нааразылык айтылган аймактардын жетекчилерине чара көрүлөрүн убада кылууда. Бул ишти УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев моюнуна алып, жергиликтүүлөр нааразылык айткан аймактарды кыдырып жатат.
Жогорку Кеңеш “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоорун дароо экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алды. Бул мыйзам медиа коомчулуктун нааразылыгын жаратып, маалымат каражаттарынын ишмердигине терс таасирин тийгизерин эскертүүдө.
ЖТР жыйынтыгы кыргыз тилдүү мектептердеги билим берүүнүн сапаты тууралуу маселени кайрадан күн тартибине чыгарды.
Социалдык тармактарда Нарын облусунда тургундардын көйгөйлөрү чечилбей, көңүл бурулбай жатканы боюнча билдирүүлөр талкууга түштү. Айрыкча, нарындык тургундун бийлик жетекчилерине ыр менен кайрылганы бул талкууларды жандантты.
Ош облусунун Кара-Суу районунда кайненесин өлтүрүп, аялы оор абалда жаткан шектүүнүн окуясы Кыргызстандагы зомбулук маселесин кайрадан күн тартибине чыгарды. Үрөй учурган окуя 20-июнда болгон.
Өткөн аптада Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов менен Соода-өнөр-жай палатасынын жетекчиси, мурдагы өкмөт башчы Темир Сариевдин айткандары ЕАЭБге кирүү Кыргызстанга эмне берди деген талкууларды кайра козгоду.
Иранда жогорку лидер аятолла Али Хаменеинин ордун баса турган кишини тандоо комитети (Эксперттер ассамблеясы) акыркы күндөрдө өз ишин ыкчамдатты. Бул тууралуу бир нече булакка таянып Рейтер агенттиги жазды. Талапкерлер арасында Хаменеинин уулу Можтаб да бар.
Кыргызстан Орусия менен бирге бирдиктүү билим берүү мейкиндигин түзүүнү көздөп жатат. Бул тууралуу Санкт-Петербургдагы эл аралык экономикалык форумда биринчи вице-премьер Данияр Амангелдиев айтып чыкты.
АКШ президенти Дональд Трамптын Ирандын өзөктүк жайларын бомбалоо чечими Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдын курчушуна алып келди жана жаңжалдын жайылуу коркунучун күчөттү. БУУнун хартиясы бузулганын билдирген Тегеран азырынча аскердик жооп кайтара элек.
Дагы жүктөңүз