Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Кыргызстандын 11 жараны Израилден Египетке эвакуация болуп, ал жактан Шымкент шаарына (Казакстан), андан кийин Кыргызстанга жеткирилгенин билдирди.
13-июнда Израил Ирандын өзөктүк ишканаларына абадан сокку урган. Аны улай Ирандын армиясы да Израилдин аймагын дрондор жана ракеталар менен бутага алган. Ирандын бийлиги Израилдин соккуларынан 600дөн ашуун адам каза болгонун билдирүүдө. Тегерандын аба чабуулдары 20дан ашуун израилдиктин өмүрүн алды.
22-июнда АКШнын аскердик учактары Ирандагы үч өзөктүк жайга бомба таштаган. 24-июнда Израил менен Иран ок атышууну токтотууга макул болгон.
Кыргызстан жарандарын абал курчуп турган убакта бул эки өлкөгө тең барбай турууга чакырып, коопсуздук чараларын так сактоо үндөгөн. (BTo)