Бишкек милициясы жашырылган курал-жарак табылганын билдирди

Табылган курал-жарактар.

Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгы шаардын аймагында курулуп бүтө элек үйлөрдүн биринен курал-жарак жана ок-дарылар катылган жашыруун жай табылганын билдирди.

Шаардык милициянын маалыматына ылайык, 9 мм калибрдеги макаров тапанчасы, 5 граната, ар түрдүү калибрдеги 500дөн ашуун ок-дарылар, 2023-жылы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) атайын операциясында өлтүрүлгөн кримтөбөл Камчы Көлбаев (Камчыбек Асанбек) анын жансакчысы жана Ж.Т. (каймана аты Тоха) бирге түшкөн сүрөт табылган.

Милиция бул курал-жарактарды “Ишим – Ирак, Шам Ислам мамлекети” (ИГИЛ), террористтик уюмунун мүчөсү, Ички иштер министрлигинде (ИИМ) уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган Ж.Т. катканын кабарлады.

ИИМдин маалыматы боюнча, ал 2015-жылы Бишкектеги Панфилов жана Горький көчөлөрүнүн кесилишинде атайын операция маалында “ИГИЛ” террористтик-экстремисттик тобунун мүчөлөрү менен кошо жок кылынган. (BTo)

Дагы караңыз

Түркияда кармалган кыргызстандык мугалимдин соту сентябрда башталатГаагада Зеленский менен Трамп жолугушту Air Astana Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө аба каттамдарын жандантты АКШ кыргыз жарандарынын виза боюнча арызынын 39% четке какты