Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:18

Басмачылык кыймыл: Ташкент архивиндеги маалыматтар


Таалайбек Жаркынбаев, Ош мамлекеттик университетинин доценти
Таалайбек Жаркынбаев, Ош мамлекеттик университетинин доценти

ХХ кылымдын 20-жылдарында Борбор Азияда кулач жайган басмачылык кыймыл тууралуу бүгүнкү күнгө чейин талаштуу пикирлер бар. Бул кыймыл тууралуу чындыкты канчалык айта алдык? Архив маалыматтар ачыкка чыктыбы?

“Куугунтук курмандыктары” подкастында бул суроолорду чейрек кылымдан бери Өзбекстандын архивдерин казып, изилдеп жүргөн тарых илимдеринин кандидаты, Ош мамлекеттик университетинин доценти Таалайбек Жаркынбаев менен талкуулайбыз.

- Таалайбек мырза, саламатсызбы. Буга чейин басмачылык кыймыл тууралуу эки-үч мерте талкуулаганбыз. Анан биздин көрөрмандар, окурмандар “Эмнеге басмачы деп атап жатасыңар? Булар эркиндик үчүн күрөшкөн кишилер баатырлар эмеспи” дегендей пикирлерди жазышат. Алды менен ушул “басмачы” деген термин биздин лексиконго кайдан, качан кирген? Ушундан баштайлы.

- Басмачы - “басмак” деген түрк сөзүнөн алынган, "басып алуу", "кол салуу" деген маанини туюндурат. Муну советтик тарыхчылар Ю. Поляков, А. Чугунов эмгектеринде жазышкан. Терминдин өзү риторикалык маселе. Бүгүнкү күндө ким кимди басып алганын жөнүндө коомчулук өзү айтып жатпайбы.

Термин качан пайда болду? Кимдер колдоно баштады? 1918-жылдан баштап 1920-жылга чейин Кызыл Армиянын, Эл комиссарлар советинин, жергиликтүү революциялык комитеттердин ыкчам маалыматтарында “басмачы” деген термин колдонулбайт. Таптакыр жок, колдонулган эмес. “Каракчылар”, “шайкалар”, “бандиттер” деп аташкан.

Мындай аталыштар каяктан келип чыккан? 1917-жылга чейин эле Биринчи дүйнөлүк согушта падышалык Орусиянын Түркстандагы элди оорук ишине мобилизациялоо аракетине каршы көтөрүлүштөр болгон. Элдик көтөрүлүштүн кульминациясы - 1916-жылы болуп жатпайбы.

1914-жылы Фергана өрөөнүндө ушундай көтөрүлүштөр дүрт этип, администрацияларга кол салуулар болгон. Согуш мезгилинде падышалык Орусиянын абалы өтө оор болчу. Осмон империясынан бир нече агенттер келип, Орусияга каршы ыңкылаптарды уюштуруу үчүн үгүт жүргүзүшкөн. Анын арты менен чоң көтөрүлүштөр болгон. Кийин ушул көтөрүлүштүн лидерлерин, катышкандарды “каракчылар” деп айып тагып, көбүн сүргүнгө айдаган. Алардын арасында Мадаминбек, Көр-Шермат, Мойдунбек, Кичик Эргеш, Чоң Эргеш, Калкожо, ушулардын баары сүргүнгө айдалышкан. Аларга “каракчы” деген жарлык тагылган. 1917-жылы Октябрь ыңкылабынан кийин бийлик алмашып, булардын баары сүргүндөн кайтып келишкен. Кийин Кокон автономиясын түзүүгө активдүү катышкан. 1918-жылы Кокон автономиясы талкалангандан кийин мурда латенттик, жашыруун мүнөздө болуп келген элдик нааразылыктар ачык көтөрүлүшкө өткөн.

- Географиясы да кеңейди.

- Ооба, географиясы да кеңейген. Эл кошулган, ошондуктан “элдик көтөрүлүш” деп атап жатабыз. Анан ошондо мурдараак падышалык Орусиянын администрациясы колдонгон “каракчылар”, “шайкалар”, “бандиттер” деген терминди 1920-жылга чейин колдонушкан.

1920-жылы М.Фрунзенин келиши менен абал бир аз өзгөргөн. Ушул жылдардан тарта совет бийлигинин саясий органы болгон “Красная звезда”, “Советский Туркестан” газеталарында “басмачы” деген терминди колдоно башташкан.

- Ошо менен 70 жыл бою кеңири колдонуп келдик.

- 70 жыл бою “басмачылар булар шайкалар, бандиттер, контрреволюциялык топтор” деп, советтик тарыхнаама биздин аң-сезимибизге кыттай куюп олтурду. Андан дагы натыйжалуу ыкмасы бул көркөм тасмалар болду. Болгону он чакты көркөм тасма тартылган. Ошол аркылуу эле элге жек көрсөткөнгө жетишкен. Элдин баары эле советтик тарыхчылар Ю. Поляков, А. Чугуновдун эмгектерин окубайт да. Көркөм тасмалар аркылуу “булар жок болбосо совет элин кырып таштамак”, “антисоветтик кыймылдын өкүлдөрү” деген тасмалар аркылуу басмачыларга душмандын образын жаратты. Бүгүнкү күнгө чейин аларды жек көргөндөр да бар. Коомдо дагы, академиялык чөйрөдө дагы эки башка көз караш бар. Бир тарабы басмачыларды “совет өкмөтүнө каршы чыккан, антикоммунисттик топ” катары эсептесе, жаңы көз караш менен изилдегендер “боштондук кыймылы” катары таанышат.

Кызыл аскерлердин катарына өткөн ыктыярчылар.
Кызыл аскерлердин катарына өткөн ыктыярчылар.

- Колумда сиздин “Фергана өрөөнүндөгү басмачылык кыймылдын кыска тарыхы” деген эмгегиңиз турат. Басмачылык кыймыл боюнча архивдин көбү Өзбекстанда экенин айтып жатасыз. Кандай материалдар бар, сиз кандай архив маалыматтарды көрө алдыңыз?

- Постсоветтик мамлекеттерде бул тема кандай изилденип жатат? Биринчиден, ушул өңүттөн карашыбыз керек. Маселен, бул тема Тажикстанда, Түркмөнстанда жабык тема, изилдөөгө тыюу салынган. Өзбекстанда “кайра куруу” (Советтер Союзундагы горбачёвдук реформа - перестройка) учурунан тарта эле тарыхын кайра жазуу күн тартибине чыгып, 90-жылдардан тарта кызуу иштер башталды. Өзбекстандын биринчи президенти И.Каримов 1990-жылы апрель айындагы (ал мезгилде союз тарай элек кез болчу) Өзбек ССРинин Коммунисттик партиясынын 27-курултайында: “Биздин тарыхты жазган советтик тарыхчылардын концепциясы жарабайт. Биздин тарыхты бурмалап салышкан. Биздин тарыхчыларга тапшырма, кайрадан жазып чыккыла”, - деп айткан. Басмачылар, репрессия курмандыктары боюнча айтып, тарыхчыларына дем берген.

Совет өкмөтү менен жарашуу үчүн келген Мадаминбектин кошуунун тосуп алуу. 1920-жылдын март айы. (Мадаминбек Түркстан фронтунун аскер башчысы Михаил Фрунзенин 1920-жылдын 30-апрелиндеги буйругу менен Маргалан атчандар полкунун командири болуп дайындалган)
Совет өкмөтү менен жарашуу үчүн келген Мадаминбектин кошуунун тосуп алуу. 1920-жылдын март айы. (Мадаминбек Түркстан фронтунун аскер башчысы Михаил Фрунзенин 1920-жылдын 30-апрелиндеги буйругу менен Маргалан атчандар полкунун командири болуп дайындалган)

1994-2000-жылдар аралыгында Улуттук боштондук кыймылы деп, 5-6 кандидаттык диссертация корголгон. Бизде Кыргызстанда ошонун таасири менен болсо керек, ЖМК беттерине басмачылык кыймыл боюнча макалалар жарыялана баштаган. Мен 2001-жылдан тарта Ташкентке каттай баштадым. Ал учурда архив ачык болчу, азыр жаап салды. Ошол алып келген архив материалдарды өзүнчө жыйнак кылып чыгаргам. Менин максатым - кыргыздар кандай формада катышты, максаты эмне эле дегенди изилдөө болчу. Өзбекстандык тарыхчылар "1918-жылдан тарта 1932-жылдын аягына чейин Улуттук боштондук кыймылы болгон" деп көрсөтүшөт. Мен өз эмгегимде 1918-жылдан 1920-жылга чейин Элдик боштондук кыймыл болгон деп белгиледим.

Экинчи баскычы - 1920-жылдан 1924-жылга чейин мезгил, бул кулоо мезгили. Себеби, басмачылар согуштан чарчады, совет бийлиги чыңдала баштаган. М.Фрунзенин келиши менен басмачыларды совет бийлигине ийгерип, атчандар отряддарын түзүп, кайра басмчыларга каршы коюу тактикасын колдонду.

Большевиктердин азаттык берүү убадасы менен Маргалан милициясынын катарына өткөн басмачылар. 1920-жылы тартылган сүрөт.
Большевиктердин азаттык берүү убадасы менен Маргалан милициясынын катарына өткөн басмачылар. 1920-жылы тартылган сүрөт.

Экинчи этаптагы көтөрүлүштөр биринчидегидей эмес, таптакыр башка. Талабы да, мүдөөсү, масштабы, тактикасы да таптакыр башка. Айталы, биринчи этабында советтик тарыхнаамада 15 миңдин тегерегинде басмачы бар деп көрсөтүшөт. Өзбек тарыхчылары муну 50-52-миңге жеткирди. Профессор Баймирза Хаит 70 миңге жеткирди.

- Бул эми көтөрүлүшчүлөрдү ээрчиген колдун, аскерлердин саныбы?

- Ооба, аскерлердин санын айтып жатышат да.

- Сиздин эсептөөңүз кандай?

- Менимче, өзбек тарыхчыларынын айткандары жакындашат, 50 миңдин тегерегинде болсо керек. Албетте, бул жогоруда айтып өткөндөй биринчи этапта. Эми ушуларды “бандиттердин тобу” деп атаганга болобу? Аларды үч жыл бою эл багып турган да. Алардын мүдөөсү, “Түркстанга эркиндик! Биз өзүнчө мамлекет болобуз” деген урааны болду. Анткени падышалык Орусия, Керенскийдин өкмөтү дагы эч качан мындай мүмкүнчүлүк түзүп берген эмес. Большевиктер ушундай мүмкүнчүлүктү өздөрү түзүп, “өз алдынча мамлекет кургула” деп башында декларацияда көрсөтүп жатышат. Ошого шыктанып, анан көтөрүлүп жатышпайбы.

Басмачыларга каршы турган ыктыярчы кыргыздар. 1930-жыл.
Басмачыларга каршы турган ыктыярчы кыргыздар. 1930-жыл.

Советтик тарыхчылар дагы башында “Улуттук боштондук кыймыл болгонун” жазган. 1918-жылы түзүлүп, 1924-жылга чейин жашаган Түркстан АССРинин жетекчилери өздөрү отчетторунда: "Башталышында улуттук боштондук кыймыл болгон, эл катышкан" деп өздөрү айтып жатышат. Алардын баары 1937-жылы репрессияланып кетишкен. Назир Төрөкулов (1892 -1937) дагы айтып жатат: “Фергана өрөөнүндө 1918-жылдан 1920-жылга чейин большевиктердин саясаты жүргөн эмес”, - деп.

Кызыл аскерлердин катарына өткөн ыктыярчылар.
Кызыл аскерлердин катарына өткөн ыктыярчылар.

- Эл арасында азырга чейин эле басмачылар тууралуу тескери пикирлер көп. Менин чоң энем 1906-жылы туулган экен. Мен көзүн көрүп калдым, 1996-жылы дүйнөдөн өттү. Ошол киши айтып калчу: “өспүрүм кыз элем, басмачылар келатат” дегенде апам бетиме казандын көөсүн сүйкөп жылаңаяк чуркатчу, жүккө кошуп жыйып салчу” деп. Мунун өзү элдин алардан коркконун, чочулаганын, сактанганын көрсөтүп жатпайбы. Демек, мындай сүрөттөлөр басмачылык кыймылдын экинчи этабына мүнөздүүбү?

- Талап-тоноолор экинчи этабында болгон. Биринчи баскычында андайга жол беришкен эмес. Тартип катуу болгон анда. Дашнактар өздөрү тоногон керек болсо.

- Дашнактар Кызыл Армиянын катарындагы аскерлер да.

- Алар элдик кошуун, ыктыярдуу кошуундар. Кокон автономиясын талкалаганда бүт дашнактар катышкан. Коконду үч күн кандуу булоон түшүргөн. Жергиликтүү калктан он миңдей киши өлгөн. Ал мезгилде эл совет бийлигинин жемишин көрө элек, кыргынды гана көрүп атса, каршы көтөрүлүп жатпайбы. Жергиликтүү калк эсери ким, социал-демократы ким, большевиги ким ажыратып билген эмес.

“Түркстанды эркиндикке алып чыгалы, мындай мүкмкүнчүлүк мурда-кийин болгон эмес” деп, өз алдынча бололу деген идея өтө күчтүү болгон. Эл муну колдогон. Себеби падыша өкмөтүнөн аябай жабыр тарткан да. 1914-жылдан тарта эле латенттик формада көтөрүлүштөр башталган. Ал эми ачыкка чыгуусу 1917-жылы апрелде эле башталган. “Шура-и-Ислами” партиясы түзүлөт. Бул жадиддердин кыймылынын партиясы.

Жадиддер - азыркы тил менен айтканда, исламды модернизациялоону көздөгөн. Светтик жаңы илимди айкалыштырууну көздөгөн уюм. Алар Керенскийдин өкмөтүнө автономдуу республика болуу маанисинде сунушун жолдошкон. Бул идея кадимчилерге жаккан эмес.

Кадимчилер - уламачылар. Булар реформаны каалабайт, мурдагы Кокон хандыгын кайра калыбына келтирүүнү эңсеген консерваторлор. Басмачылык кыймылдагылар ушулар болгон. Ошентип эки топ келишпей жатып, большевиктердин кантип бийликке келгенин билбей калышкан. Алар (1917-жылдагы Октябрь ыңкылабынан кийин) большевиктерге дагы өздөрүнүн моделин сунушташкан. Большевиктер эмне кылышты? 15-ноябрда Түркстанда Эл комиссарлар кеңешин түзүп, анын курамына жогорудагы партиялардан эч кимди киргизишкен эмес. Ал партиянын өкүлдөрү мындайча айтканда, шок болушкан. Анткени апрелден бери Түркстанды кантип башкаруу тууралуу сунуштарын берип келишкен да.

Подкастты толугу менен бул жерден көрүңүз:

Ошондон кийин жадидчилер менен кадимчилер Фергана өрөөнүндө таасирлери күчтүү экенин эске алышып, саясат кайнап жаткан Ташкенттен Коконго келишип Түркстан автономиясын түзүшкөн. Бирок эки тарап кайра эле бийлик талашып, каршылашып олтурушуп, январда жетекчиси алмашты. Өкмөт башчы Мухаммеджан Тынышпаевдин ордуна Мустафа Чокайды алып келишти. Ал дагы жакпай калып, анан Кичи Эргеш бийликти басып алган. Кичик Эргеш уламалардан. Алар консерваторлор дебедикпи, мына ошол Кичик Эргеш келгенден кийин большевиктер "буларды кандай жол менен болсо дагы талкалаш керек" деген чечимге келишкен. Ошол талкалоодон кийин эл көтөрүлүп жатпайбы.

- Саясий жагын жакшы айттыңыз, эми экинчи этаптагы талап-тоноолор боюнча кандай архив материалдар бар? Ошого токтолсоңуз.

- Басмачылык кыймылдын экинчи этабын өзүнчө караш керек. Айрым тарыхчылар, журналисттер, басмачылык кыймылга кызыккандардын дилетанттык көз караштары бар, баарын эле бир казанга салып кайната беришет. “Буларды баатыр дешибиз керек”, “улуттун каймагы дешибиз керек” деп. Жок, андай эмес. Эмне үчүн эки этапка бөлөбүз? Саясий кырдаал, басмачылардын талаптары өзгөрүп жатат.

- Коомдук көз караш дагы өзгөргөн эмеспи.

- Коомдун көз карашы дагы өзгөрүп жатат. 1924-жылдан баштап улуттук азчылыктар өз алдынча мамлекет куруп жатышат. “Түркстанды боштондукка чыгаруу” деген чакырыктын акталдуулугу жоголду. Масштабы дагы азайды. Мурда кыймылга кошулгандардын саны 52 миң болуп жатса, кийин 400-500 эле болуп калышты. Биринчи этабында Фергана өрөөнүн көзөмөлдөп атса, экинчи этабында Кашкарга качып өтүшүп, тийди качты согуш жүргүзөт. Эмне үчүн согушуп жатышат? Өткөндө бир тарыхчы айтып жатпайбы, “булар жылаңач баатырлар болгон” деп. Андай эмес, булар оокаттуу кишилер болгон. Жаныбек казы, Гаип паңсат Өзгөндөгү эң бай кишилер болгон. Алайдагы Ади паңсат, Алайкуудан чыккан Айтмерек малдуу кишилер болушкан. Алардын байлыгынын баарын совет бийлиги конфискация кылып жатпайбы. Бул жерде мүлктүк кызыкчылык деген бар. Анан алар эркиндикти жогору коюшкан. Чоң дагы бир баалуулугу - Фергана-Кашкар соода жолуна көзөмөл кылуу. Анткени булар соодагер болушкан.

Мен сизге бир мисал айтайын, Барпы корбашы деген болгон. Барпы деген эки корбашы бар негизи. Бирөө Базар-Коргондон, ал 1921-жылы өлгөн. Экинчиси, “Азаттыкта” иштеп кеткен Аким Өзгөндүн атасы Барпы ажы.

Барпы корбашы (1886-1968)
Барпы корбашы (1886-1968)

Ал киши Түркияда 1968-жылы көз жумган. Ошол киши эскерүүсүндө “эл колдобой калганын”, “Кашкарга чыгып кетишкенин” айтат. Мал-мүлкүн өткөрүү үчүн чек арачылар менен атышууга туура келгенин эскерген. Анын “Түркстандан Түркияга” деген эскерүүсүн Таир Өзгөн деген баласы жазган. Аны түрк тилинен биздин тарыхчыбыз Дастанбек Разак уулу которгон. Барпы корбашы "карызын өндүргөнү Кашкардан Өзгөнгө барып, мурда жанында жүргөн кишилердин бири кармап алганын, араң качып чыкканын" айтып берген.

Колунда 60-60 аскери болгонун, Ади корбашынын (Ади Кожоев) колунда дагы ушунча санда артынан ээрчиген жигити бар экенин айткан. “Адини тынч жаткан жеринен эле Ошко алып келип камап коюптур” дейт. Ал абакта он күндөй ачкачылык жарыялап, каршылык билдиргенин эскерген. Кийин абактан качып чыккан.

Барпы корбашынын эскерүүлөрүндө Айтмеректин колунда 10-15 жигити болгонун, Жаныбек казыда жүздөй киши болгонун айткан. Мындай эсептеп көрсөк, 300 тегерегиндеги эле ээрчиткен кишилери болгонун болжойбуз. “Биринчи согуштагы урааныбыздын күчү кетти, мааниси жоголду” деп Барпы корбашы өзү эле моюнуна алып жатат. Экинчи этапта буларды Улуттук боштондук кыймыл деп атоого болбойт.

Жаныбек казы Сагынбаев (1861-1933) оңдо. Сол тарапта турганы бир тууганы Калыбек.
Жаныбек казы Сагынбаев (1861-1933) оңдо. Сол тарапта турганы бир тууганы Калыбек.

- Тарыхчылар басмачылык кыймылдын таанымал лидерлери катары Чыгыш Бухарада Ибрагим бекти, Фергана өрөөнүндө Мадаминбекти, Түркмөнстанда Жунаид ханды атап келишет. Чоң аймакты кучагына алган бул кыймылдагы кыргыздардын ролу кандай болгон?

- 1917-1918-жылдардагы саясий жараяндарга кыргыздар катыштыбы деген маселеге кызыгып көрдүм. Мен архивден таап чыктым, 1917-жылы 28-ноябрда Кокон шаарында өткөн жалпы мусулмандардын чукул чакырылган IV курултайына Алымбек датканын небереси Жамшитбек Карабек уулу делегат болуп катышкан экен. Жамшитбек орус тилин мыкты билген, билимдүү болгон.

Орус жазуучусу, коомдук ишмери И. Ювачев Борбор Азияга саякатында Жамшитбек тууралуу да жазып, “1902-жылы Казандан Мадыга келди” деп белгилейт. Ал орус-тузем мектебинде, Казан университетинде билим алган. Казандан келгенден кийин Ош үйөзүнүн билим берүү бөлүмүнүн башчысы кызматын аркалап турган. Жаңы орус тузем мектептеринин ачылышына салым кошкон жана реформачы мусулман агартуучулардын жадиддик билим берүү системасын жайылтууда зор эмгек жасаган. Ал Фергана өрөөнү боюнча саясий чөйрөдө кадыр-барктуу, билимдүү инсан болгон. Ушул киши курултайга катышып, өкмөттүн курамына кирген.

1917-ж. 28-ноябрда Кокондо өткөн кезексиз IV чөлкөмдүк Жалпы мусулмандар курултайында Түркстан автономиясынын Убактылуу элдик кеңешинин курамына шайлангандар: № 18. Жамшидбек Карабеков (Жамшитбек Карабек уулу). (Китептен: Ибрагим Карим. Мадаминбек. Ташкент, 2000.)
1917-ж. 28-ноябрда Кокондо өткөн кезексиз IV чөлкөмдүк Жалпы мусулмандар курултайында Түркстан автономиясынын Убактылуу элдик кеңешинин курамына шайлангандар: № 18. Жамшидбек Карабеков (Жамшитбек Карабек уулу). (Китептен: Ибрагим Карим. Мадаминбек. Ташкент, 2000.)

Демек, бирин-серин гана лидерлер катышып жатат. Чындыгында түштүк кыргыздары Кокон автономиясын колдогонбу? Саясий жараяндарга канчалык катышты? Ошол кездеги Түркстандын жетекчилеринин бири Кайгысыз Атабаев (1887-1937) ) кыргыздардын басмачылык кыймылга катышуусунун негизги себеби диний маселе эмес экенин белгилеген. Кыргыздардын катышуусун жер маселесине байлап жатат. Себеби, алардын жерлеринин көпчүлүгүн келгиндерге тартып беришкен. Алар жайлоого көчкөндө, суулуу жерлеринин көбүнө келгиндердин кыштактары түшкөн. Ошол эле 1916-жылдагы көтөрүлүштүн себеби деле жер болуп жатпайбы. Жерге жайгаштыруу комиссиясы кыргыздар тоого жайлоого көчкөн маалда келип, аларды кыштоолорун келгиндерге тартып берип жатпайбы. Социалдык чыңалуу улам күчөп олтуруп, анан басмачылык кыймылга кошулушканын Атабаев жазып жатат. Кыргыздар үчүн 1916-жылдагы эле көтөрүлүштүн уландысы болгон деген тыянагын отчетунда көрсөтөт.

(Айрым кыскартуулар менен берилди. Толук вариантын видеодон көрүңүз)

Шерине

XS
SM
MD
LG